Спикерликтен кеткен Чыныбай Турсунбеков КСДПнын түртүндү баласы боло баштады. Кийинки шайлоодо КСДПда ал үчүн орун табылбай турганын, тизмени чече турган адамдар четин чыгарышканы партиялаштарынын арасында күбүр-шыбыр айтыла калып жүрөт. Чыке тескери кете турган болсо, төрт кара папке ачылууга даяр турганы да коомчулукка ачык айтылабы? Президент дагы казак-кыргыз чек арасындагы маселелерге, айрыкча ун көйгөйүнө келгенде атын атабаганы менен Чыныбайды согуп кетти. “Ун падышаларынын айынан Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан грант ала албай калат окшойт. Айрым депутаттар өзүнүн капчыгын, кызыкчылыгын көздөшүүдө. Көпчүлүк адамдар Жогорку Кеңешке өзүнүн бизнесинин кызыкчылыгы үчүн келет. Бизнесмендер өзүнүн иши менен алектенип, парламентке чынчыл, мыйзамды жаза билген билимдүүлөр келиши керек” деп айтты. Бул Чыныбай Турсунбеков үчүн алгачкы сокку сыяктуу сезилди. Кыргызстанда “ун падышасы” Чыныбай Турсунбеков эмеспи.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ