Улуттук банк сомдун мааракесине карата 2000 сомдук банкнота чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.
Жаңы купюра 17-ноябрдан баштап колдонууга берилет. Ал эгемендүүлүктүн жана сомдун 25 жылдыгына багытталат. Улуттук банктын маалыматында, жаңы акчанын сүрөтүн өз кызматкери тарткан. Аны АКШнын компаниясы басып чыгат. Бул акча бир гана жолу чыгарылат. Банкоматтар жана терминалдар аны кабыл алышпайт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ