Menu

Эт эмес же чел эмес Кайыпов

Бөлүшүү:

Кылычын сүйрөп кыш келди. Суугу чучукка жеткен Нарында кышка болгон даярдык чеке жылытпайт. Облус Кара-Кече сыяктуу көмүр кенинин үстүндө отурганына карабай, дале болсо отун кампаларында көмүр жок. Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыповго былтыркы кырдаал сабак болбоптур. Дегенибиз, былтыр Нарында көмүрдүн баасы асманга чыгып, карапайым калк кыш чилдесинде көмүр таппай нааразычылык акциясын уюштурган. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, Аманбай Кайыпов жакшы эле жеме угуп, башы шылкыйган болчу. Быйыл дагы былтыркы көрүнүш кайталанганы калды. Мына Нарын облусу боюнча 68 отун кампасы болсо, көбү көмүр жок аңгырап бош турат. Социалдык мекемелер – мектеп, бала бакча, больницалардын теңине көмүр жеткирилсе, теңине жетпей абалдары чатак. Маселен, түкүрүк жерге түшпөй тоңгон Ат-Башы районунун Талды-Суу, Өзгөрүш, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды мектептери ар бири 200 тонна көмүр менен камсыз болууга тийиш болсо, араң дегенде 100 тоннага жетпеген көмүр түшкөн. Мындан улам, акчаларын толук которгонуна карабай, облус жетекчилери ырымдап теңин жеткирип, калган кара-жатын жеп коюшканбы деген шек жаралат экен. Нарынга кар эрте түшөөрүн эске алсак, 300 чакырым алыстыктагы Кара-Кечеден көмүр алып келүү кыйындайт. Ал түгүл дээрлик мүмкүн да болбой калышы ыктымал. Ат-Башынын кыш мезгили алты айга созулган ит өлгөн суугунда окуучулар кантип жеткиликтүү билим алып, сабак окуй алышат деген суроо жаралат. Окуучулар былтыр көмүр жок, мектептер суук болуп, билим алуусу үзгүлтүккө учурап, каникулга тараганга аргасыз болгон. Мындай көйгөй Нарын облусунун бардык райондорунда бар. Сыягы, Кайыпов Нарын элин кыш чилдесинде былтыркыдай тоңдурмай болду окшойт. Мындай эт эмес же чел эмес, иштин көзүн билбеген Кайыповдой жетекчинин кимге кереги бар? Илең-салаң болгон Аманбай Кайыпов бул темп менен эшектин тушоосун чече албай отура берсе, эл бийликти чара көрөт деп күтүп отурбастан, колунан жетелеп көчөгө чыгарып коюшу толук мүмкүн. Дегенибиз, былтыр кыштын каарын жакшы эле тартышкан эл бул жолу кечирбейт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: