Menu

Илимдер Академиясында “Кытай тили – илимди, маданиятты жана техниканы өздөштүрүүнүн ачкычы” – аттуу иш чара өтөт

Бөлүшүү:

21-ноябрда саат 10:30да өтө турган Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы менен Конфуций институту (Ханьбань, Кытай) уюштуруп жаткан “Китайский язык – ключ к познанию науки, культуры и техники” (“Кытай тили – илимди, маданиятты жана техниканы өздөштүрүүнүн ачкычы”) аталышындагы иш чара өтөт. Бул туралуу УИКнын басма сөз кызматы маалымдады.

КР УИАнын Борбордук илимий китепканасы 2014-жылдан тарта Конфуций институту менен кызматташа баштаган. Анда “CEPIECтин” (Кытай илимий эмгектеринин импорту жана экспорту боюнча корпорация) аракети менен кытай окумуштууларынын илимий эмгектери коюлуучу “Кытай бурчу” түзүлгөн.

Ошондой эле Кыргызстандын илимий коомчулугунун кызыгуусу жана илимий адабияттын жайылышы менен КР УИАнын БИКтеги “Кытай бурчу” долбоору кеңейтилип, анда кытай тилин үйрөтүүчү курс ачылган эле. Анда жаш окумуштууларга, аспиранттарга, адистерге, окутуучуларга, студенттерге жана жогорку класстардын окуучуларына акысыз тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, аларды окутуу үчүн К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин окутуучулары чакырылган.

КР УИАнын Борбордук илимий китепканасы фондуна 1750-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки өзгөчө баалуу жана сейрек басылмаларды, анын ичинде илимдин бардык тармактары боюнча илимий-методикалык адабияттарды камтыган китепкана.

Ошондой эле аталган илимий мекеме илимдер академиясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн көп тармактуу библиографиялык иштер менен алектенген 8 китепкана бөлүмүнө жана  8 филиалга ээ. Анда республика боюнча китептерди, архивдик документтерди калыбына келтирүүчү жалгыз илимий-изилдөө лабораториясы кызмат алып барат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: