Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйыны өттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттер менен адистер, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, КР Өкмөтү 2017-жылдын республикалык бюджетине “Таза коом” программасын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошондой эле киргизилген түзөтүүлөр ички дүң продукциянын реалдуу өсүшүн 3,5%да кармап турууга негизделген. Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын шашылыш иш-чараларын жана артыкчылыктуу багыттарын каржылоо зарылдыгынан түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Мындан улам КР Өкмөтү республикалык бюджеттин кирешесин 126,8 млрд сомдон, 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландап жатат. Мамлекеттик бажы кызматынан келип түшө турган 95 млрд сомдун эсебинен, жалпы кирешелердин ичинен салыктык кирешелер 1,8 млрд сомго көбөйөт. Салыктык эмес кирешелер 2017-жылы 27,5 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджеттен 6,8 млрд сомго көбөйөт. Алар: “Альфа-телеком” ЖЧКсынан – 5,4 млрд сом; “Кыргыз алтын” ААКсынын дивиденттеринен – 1 млрд сом жана башка каражаттар.
Ал эми 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 142,5 млрд сом, чыгыша бөлүгү 162,8 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылууда. Бюджет тартыштыгы 20,2 млрд сомду түзөт.
Белгилей кетсек, кеңейтилген жыйындын күн тартибине « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен “КР 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ