Menu

Видео – Атамбаев айрым казак аткаминерлерин «жасакерлерге» салыштырды

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айрым жогорку кызматтагы казак аткаминерлерин «кожоюнунун кызматындагы жасакерлерге» салыштырды.

Атамбаев бул тууралуу Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаевдин жана бир катар казак министрлеринин буга чейинки билдирүүлөрү боюнча узатылган суроого жооп берип жатып айтты. Өз сөзүндө мамлекет башчы чех жазуучу Ярослав Гашектин сатиралык чыгармасынан үзүндү окуп, мындай деп кошумчалады: Мына, кожоюну жасакерге айтып жатат… сенаттын төрагасы же премьер-министр, ким болсо да алар кожоюнунун жасакерлери.

15-октябрда Бишкекте өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Атамбаев кайрадан Казакстан жетекчилигин сынга алып, «бай коңшусунан» кечирим сурабастыгын айткан. Анын билдирүүсүндө «карыган диктатор» деген сөздөр да айтылган.

Андан кийин Казакстандын парламент Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткандарын сынга алган. «Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай түрдөгү эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын – талаптарын аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул»,- деп жазган Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына.

Казакстан парламентинин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айткандарын «жоопкерчиликсиз жана популисттик» билдирүү деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: