Кечээ, 9-мартта Атамбаевдик бандиттик режимдин саясый туткуну, Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакта жаткан Садыр Жапаров апасы Кадижа Максүтованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына Түп районунун Кең-Суу айылына келип, апасын өз колу менен узатты. Куран окуп, топурак салды.
Садыр Жапаровду Чүйдүн Молдовановка айылынан Ысык-Көлдүн Кең-Суу айылына 3 “Лексус” ” жол тандабастары менен достору жана санаалаштары экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Нооманжан Аркабаев, Арзыбек Бурканов, Жылдызкан Жолдошова, депутат Талант Мамытов, КР Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдор коштоп барганы айтылууда.
Ошондой эле Садыр Жапаров 2017-жылы Атамбаевдик бандиттик режимдин зөөкүрлүгүнөн топурак сала албай калган атасы Мустали уулу Нургожонун мүрзөсүнө өзү куран түшүрүп, бата кылды.
Кадижа Максүтова апа 87 жаш курагында Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-март күнү көз жумган. Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ошол эле күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаровду апасына топурак салуу үчүн абактан убактылуу чыгарып турууга жардам берүүсүн суранып, кайрылуу жасаган.
2017-жылы 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Мустали уулу Нургожо 90 жашында каза болгондо Атамбаевдик режим Садыр Жапаровго атасына топурак салганы уруксат бербей койгон.
Булак: KyrgyzToday
Видео Ишенбек Курманкуловдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ