Menu

Тажикстан ИМ тобунун катарында согушуп келген аскерди Орусияга өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Сирияда «Ислам мамлекети» тобунун катарында согушуп келген Орусия Коргоо министрлигинин Башкы штабынын мурдагы кызматкери Денис Хисамов Орусияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 20-ноябрда Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, Денис Хисамов өткөн аптада Орусия тарапка өткөрүлүп берилди», – деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали.

Тажикстан ИИМи 23-октябрда Түркия тарап 34 жаштагы Орусия Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери Денис Хисамовду Душанбеге экстрадициялаганын билдирген. Маалыматка караганда, буга анын Түркия аркылуу Сирияга өтүү үчүн жасалма тажик паспортун колдонгондугу себеп болгон.

Тажик бийлигинин билдирүүсү боюнча, Хисамов Сирияда «ИМ» тобунун катарында согушуп, кийин Түркияга келгенде кармалган. Түркиядан ал Орусияга барып, анда кылмыш кылууга ниеттенген. Атайын кызматтан кандай кылмыш экенин тактап айтышкан жок.

Денис Хисамовдун тааныштары менен туугандары аны диний фанатизмден алыс окумуштуу деп сыпатташып, анын Сирияга кетишине таң калгандыктарын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: