2017-жылдын 18-ноябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери “Издөө” аталышындагы рейдин жүргүзүү маалында Кайынды шаарынын көчөлөрүнүн биринен 46 жаштагы Ш.В. аттуу жаран кармалган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар 420 грамм салмактагы баңгизаты табылган.
Алынган баңгизат экспертизага жөнөтүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ