Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында, депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атылып өлтүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери тууралуу маалымат угулду. Бул туурасында КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган кылмышты изилдөө максатында түзүлгөн жумушчу тобунун башчысы, тергөөчү Сүйүнбек Аблатов иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, изилдөөнүн учурдагы жүрүшү тууралуу учкай кеп кылды.
Ал эми эл өкүлдөрү кылмышты ачуу иши кечеңдеп жатканын билдиришип, коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуяны калыс иликтөөгө чакырышты. Алсак, депутат Садык Шер-Нияз бардык жагдайлар толук каралышы керектигин белгилеп, кылмыш ишин саясий өңүттө же каракчылык мүнөздө болгонун аныктоо зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле жыйынга тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилери келбегендигине нааразы болгон фракция мүчөлөрү, аталган маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимине келишти.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ