Menu

Таласта коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча талкуу өттү

Бөлүшүү:

Коомчулуктагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Кыргызстан айыл өкмөтүнө караштуу Талас айылындагы А.Сиренин атындагы орто мектебинде айыл тургундары, аксакалдар кеңеши  жана мектеп мугалимдери, райондук администрация кызматкерлери, ата-энелер комитеттеринин төрагалары, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргиеликте жолугушуу өтүп, анын алкагында коомчулукта болуп жаткан ар кандай азгырыктарга жол бербөө,  экстремизм жана терроризмди алдын алууда коомчулук менен иштешүү маселеси талкууланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Ислам дини бардык терс көрүнүштөрдөн таза, аруу дин экендигин айтып, терс көрүнүштөрдүн алдын алууда балдарга туура тарбия берүү менен аларга билим берүү керектигине токтолду. Ошондой эле райхатиб жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууда дин кызматкерлери менен чогу иш алып баруусу керектигин айтып, коомчулук арасында агартуу, түшүндүрүү ишин байма-бай өткөрүп турууну сунуштады.

Эскерте кетсек, ушундай эле иш чара Манас районунун Май жана Арал айылында дагы райондук администрация менен биргеликте өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: