Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун жоочулары Рим папасы Францисктин өлүм жазасына тартылышы көрсөтүлгөн пропагандалык сүрөт жарыялашты. Newsweek басылмасы ал сүрөттү Telegram тиркемесинен тапкан – анда жүзүн ак чүпүрөк менен жашырган террорчу Рим папасынын алынган башынын жанында турганы чагылдырылган. Сүрөттүн жогорку бөлүгүндө «ар бир төгүлгөн кан» жана «ар бир бузулган үй» үчүн христиандардан өч алуу опузасы жазылган. “Мындай коркутуулардын Рождество майрамынын алдында пайда болуп жатканы таң калычтуу эмес. ИМ тобу менен анын тарапташтары бул сыяктуу билдирүүлөрдү таркатуу менен өзүнө ММКлардын көңүлүн көбүрөөк бурдурат», деп билдирген SITE Intelligence Group директору Рита Кац басылмага берген маегинде.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ