Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, ырчы, композитор, “Ялла” вокалдык- инструменталдык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Каримович Закиров Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн «Достук» ордени менен сыйланды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Жана ошондой эле орден менен Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн КВН эл аралык союзунун президенти, КВН телепрограммасынын алып баруучусу жана жетекчиси Александр Васильевич Масляков дагы сыйланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ