Жакынкы учурда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевди фракция лидерлигинен алуу процесси башталганы турат. Аталган фракциянын депутаттарынын Төрөбаевди Бабанов сыяктуу өз каалооң менен баш тарт деп койгон мөөнөттөрү аяктап, талаптары орундалган жок.
Эми Төрөбаевди көпчүлүк добуш менен лидерликтен алып ыргытуу планы иштелип чыгып жатат. Буга дейре Төрөбаев үч депутатты фракциядан чыгарган чечим юридикалык күчкө ээ эмес, мыйзамсыз экени такталып, келме кезек, өз башына түшүп турган чак. Мындан улам, “ит болдум, куш болдум, кечирип койгула” деп, фпакциядан чыгарып жиберген депутаттарга жалынып-жалбарып, элдешели деп чуркап жүрөт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ