Menu

Сооронбай Жээнбеков өз Аппаратынын кыска мөөнөттүү иш планын белгиледи

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттик Аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков Аппараттын алдында ишке тез ашырылчу кыска мөөнөттүү иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгиледи.

Президент биринчиден негизги багытты улантууну камсыздаган, экинчиден өлкөнүн баардык жашоо тармактарында түп-тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычын кепилдеген чараларды иштеп чыгуунун  маанисин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн  Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында негиз катары кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти. Ал белгилегендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди. “Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрдү, ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого баардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек”, – деп белгиледи Президент.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: