Menu

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: «Казак коомунда Атамбаевди колдогон, туура айтып атат дегендер аябай эле көп»

Бөлүшүү:

— Равшан мырза, сиз Казакстанда өткөн казак-кыргыз чек арасын талкууга алган жыйынга катышып келдиңиз. Жыйынды кимдер уюштурду?

— “Кыргыз-казак кризиси, чечүү жолдору” деген эл аралык конференцияны Казакстандын саясат таануучулар ассоциациясы уюштурду. Бул жыйынга Россия, Тажикстан, Азербайжандын өкүлдөрү дагы катышты.

— Жалаң оппозиция мүчөлөрү чакырылдыбы же бийликтин адамдары да бардыбы?

— Бул конференцияга адатта эксперттер, саясат таануучулар катышат. Кыргызстандан дагы саясат таануучулар жана бизди, граждандык коомдун өкүлдөрүн, саясатчыларды чакырышты. Себеби биздин, кыргыздардын көз карашы, позициясы алар үчүн кызыктуу болду окшойт.

— Казактар бул маселе боюнча кандай позицияны карманат экен?

— Казак тараптын бизге таарынычы күчтүү. Алардын санкциялары дагы уланат жана күчөй тургандай. Көмүр, буудай, Ысык-Көлгө туризм,  транзит маселелеринде оорчулуктар болот. Жаңы президент казак бийлиги менен мамилени тез арада оңдой албаса экономикалык абалыбыз бир топ оорлойт.

— Назарбаевди күнөөлөгөн сөздөрдү казактардан уга алдыңызбы?

— Бул конференцияны бийликчил саясат таануучулар уюштурду. Ошондуктан президент Назарбаевге нааразычылык айтылган жок. Бирок, социалдык түйүндөрдө, казак коомунда Атамбаевди дагы колдогон, туура айтып атат дегендер аябай эле көп.

— Жыйындан кийин азыркы абалдан кантип чыгабыз деген ойго келдиңиз?

— Биз активдүү саясатчылар, жарандар традициялык элдик дипломатияны баштадык. Бул жол оор, ийгилик дагы бербеши мүмкүн. Бирок баары бир аракет болушу керек. Экинчи жол, эки өлкөнүн бийликтери кулуардык сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзөт деген ойдомун. Булардын баары иштебесе, анда Өзбекстандын, Туркиянын жана Орусиянын ортомчулугу зарыл болот. Бул эл аралык практика. Эртели-кеч маселе чечилет, көптөгөн экономикалык жоготуулардан кийин.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: