Menu

Кыргызстанда «Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү» эл аралык демилгесинин алкагында «Ачык маалыматтар» саясатын иштеп чыгуу башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Ачык маалыматтар» саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана «Ачык маалыматтар» (Open Government Partnership) эл аралык демилгелер өнөктөштүгүнө кирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы аталган долбоорду ишке ашуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, «Ачык маалыматтар» саясатын ишке киргизүү «Таза Коом» улуттук программасын алга жылдыруунун маанилүү баскычы жана «Open Government Partnership» стратегиясынын жана иш-чараларынын бөлүгү катары саналаарын билдирди.

«Бул мезгил талабы болуп саналат. Кыргызстан нагыз демократиялык өлкө катары «Ачык маалыматтар» саясатын ишке киргизүүсү керек. Маалыматтарга карай жеткиликтүүлүк, ачыктык жана мамлекеттик органдардын отчеттуулугу бийликти элге жакындаштыруунун, калктын биздин ишибизге карата болгон ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. Сандык көрсөткүчтөр санариптик экономика жана жаңы форматтагы бизнес үчүн зарыл нерселер болуп саналат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министрдин айтымында, аталган чара ишкердүүлүктү жүргүзүүнү бир топ жөнөкөйлөштүрүп, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртат.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасын «Open Government Partnership» эл аралык демилгесине кошуу жана өлкөдө «Ачык маалыматтар» саясатын киргизүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

Гүлнура Торалиеванын айтымында, алгач аталган саясатты пилоттук режимде өлкөнүн сегиз министрлик жана ведомстволорунун базасында киргизүү пландаштырылууда.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагсы Нурбек Абасканов маалымдагандай, долбоор алкагында маалыматтык органдардын материалдарын жанас архивин санарипке өткөрүү болюнча масштабдуу иш күтүлүүдө.

Мындан сырткары жыйында «Ачык маалыматтар» саясатын ишке ашыруудагы эл аралык тажрыйбалар да талкууланды.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы Сапар Исаков «Ачык маалыматтар» саясатын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү, пилоттук министрликтер, ведомстволор жана көз карандысыз серепчилердин катышуусунда анын аткарылышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен биргеликте «Ачык маалыматтар» саясатын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгып, маалыматтардын көлөмүн жана мындан аркы ачыктык үчүн тандап алуу критерийлерин аныктоо тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик каттоо кызматына 200дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке тартуу менен мамлекеттик органдардын архивдерин жана маалыматтарын санарипке өткөрүү боюнча уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүү боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Жыйынга Премьер-министрдин кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Торалиева, КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, КР финансы министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Бакыт Сатыбеков, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бердалиев, Премьер-министрдин пресс-катчысы Урмат Кабылова, Дүйнөлүк банктын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү программасынын улук координатору Олег Петров, Дүйнөлүк банктын мамлекеттик секторду өнүктүрүү боюнча улук адиси Эмил Абдыкалыков, «Internews» өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Элина Караулова, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалымат эркиндиги» программасынын менеджери Лира Самыкбаева жана көз карандысыз серепчи Варвара Локтева катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: