Президент Сооронбай Жээнбековдун Президенттик аппаратынын башчылыгына Осмоналиев Акылбек Шарипович бара турганы кеп болуп жатат. Акылбек мырза буга дейре, Сооронбай Жээнбеков Өкмөттү башкарып турган кезде Өкмөттүн аппаратын жетектеген, көздөй кишиси болуп саналат. Ал эми КСДПнын үлкөндөрү Президенттик аппарат башчылыгына Фарид Ниязовду алып баралы дешкен экен, бирок ага Жээнбеков макул болбой жатыптыр. Сыягы, Фаридге ишеним артпайт көрүнөт. Демек, Илмиянов менен Ниязовдун бийликтин сересиндеги баш-көз болгон учуруна чекит коюла турган болуп калды. Айтмакчы, Акылбек мырза Президенттик аппараттын башына барып калса, Алмаз Үсөнов КТРК-га жетекчи болуп келет экен. Бирок Алмаз мырза баш тартып жатканы айтылууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ