Премьер-министр Сапар Исаков “МегаКом” кайрадан сатыкка коюлаарын жар салды. Буга дейре “MegaCom” компаниясын орусиялык Елена Нагорная аттуу ишкер сатып алууга ниеттенген, 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан расмий түрдө Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Буга сүйлөшүүлөрдө тараптар бир пикирге келе алышпагандыгы себеп болгон. Эми Мүлк фондуна Дүйшөнбек Зилалиевдин дайындалышы менен кайрадан «МегаКомду» сатуу маселеси көтөрүлдү. Ушунун өзү эле Дүйшөнбек мырза бекер жеринен Мүлк фондуна барбаганы белгилүү болду. Мөңгүлөрдү талкалоого жол салып берип, эми «МегаКомду» жайлоо вазийпасын мойнуна алган окшойт. Сыягы улам-улам сатыкка чыгарып кадырын кетирип, баасын атайын түшүрүп, анан бийликтеги бир чоң кимдир бирөөнү жасалма ээси кылып сатып алмай болгон оюн эми ишке ашканы калды көрүнөт.
|
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ