Menu

Жээнбеков: “Өзүмдүн алгачкы чет өлкөгө сапарымды Россияга жасаганым мен үчүн абдан маанилүү жана символикалуу”

Бөлүшүү:

“Мамлекет башчысы катары өзүмдүн алгачкы чет өлкөгө сапарымды Россия Федерациясына жасаганым  мен үчүн абдан маанилүү жана символикалуу”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2017-жылдын 29-ноябрында Москва шаарында Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

“Башкача болушу мүмкүн эмес болчу. Россия – Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү  жана союздашы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президенти катары алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россиянын Президенти урматтуу Владимир Владимирович Путинге Россия Федерациясына сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазымын. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө биз кызматташуубуздун актуалдуу маселелерин, мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн, анын ичинде Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы кызматташуунун келечегин  талкууладык”,- деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы журналисттерге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти  өнүктүрүүгө  кошкон зор салымы  үчүн  Алмазбек Атамбаев сыйлаган I даражадагы “Манас” орденин тапшыргандыгын айтып берди. “Мага Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгын  – I  даражадагы “Манас” орденин Владимир Владимирович Путинге тапшыруу мүмкүнчүлүгү туш келди. Россия тарап  биздин делегацияны жылуу тосуп алгандыгы  мен үчүн абдан жагымдуу болду.  Биз талкуулаган бардык маселелер чечилет деп ишенем”.- деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Беларусияда  ЖЖКУ катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрөсүзбү деген суроого  дагы жооп берди. “30-ноябрда Минскиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катышуучу мамлекеттеринин башчылары чогулат. Ал жерде  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев дагы болот.  Отурумдун жүрүшүндө бардык мамлекет башчылар менен жолугушам, сүйлөшүүлөрдү өткөрөм жана Нурсултан Абишевич Назарбаев менен жолугушам. Эртең бул маселе боюнча дагы сүйлөшөбүз  го деп ойлойм”, -деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: