Menu

Канат Бегалиев эми саясатты “сапырат”

Бөлүшүү:

2008-жылы өткөн Пекин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшү боюнча улуттук башмашыктыруучу Канат Бегалиев өз ыктыяры менен жумуштан кетип атканы тууралуу кечээ коомчулукка айтып, ошону менен бирге беш жылдык ишинин отчетун берди. Жалпы жонунан алганда канааттандырарлык баага татыгыдай иштерди кылыптыр. Болгон  тажрыйбасын, күч аракетин жумшаганы билинип турат. Башмашыктыруучулук кызматтан кетип аткан себебин Канат мындайча түшүндүрдү: «Биринчиден өз ыктыярым менен кетип атам. Келечекте илим-билим алып, парламент жакка барып, жалгыз эле грек-рим балбанчылыкгын көйгөйлөрүн эмес, кыргыз спортунун жалпы көйгөйлөрүн чечүүдө элиме жан үрөп кызмат кылгым келет. Мыкты спортчулардын ушундай жолду тандап алгандары тууралуу алыс барбайлы, Казакстанда Серик Конокбаев, Бактияр Артаев, Өзбекстанда Артур Таймазов, Россиянин Госдумасында Александр Карелин, Алина Кабаева, Украинада Виталий Кличко ж. б. Ошондуктан жогоруда аталган өлкөлөрдө спорт тармагы жакшы жолго коюлуп, спортчулары мейли дүйнө мелдеши, мейли олимпиада болсун, спорттун баардык түрүнөн ийгиликгерди жаратып жатканы жашыруун эмес. Мен да келечекте ушундай ой максатым бар» деди. Канат мырзага багынтталган суроолор көп болду: «Кайсы партия менен барасың? Олимпиадалык циклдин аягына чыксаң болот беле? Башмашыктыруучу болгонуңа өкүнбөйсүңбү?» дегендей. Канат Бегалиев «азырынча эч кандай партия оюмда жок, эч кимиси менен бул тууралуу сүйлөшүү боло элек. Олимпиадалык циклдин аягына менден билимдүү, менден күчтүү машыктыруучу чыгат деген ишенимим бар. Мен болсо таптакыр эле спорттон кетип калбайм. Эгер менин жардамым керек болсо, эч качан ал жардамды аябайм. 2012-жылы грек-рим күрөшүнүн башмашыктыруучусу болуп шайланыпмын. Буга эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче сыймыктанам. Дагы эмнеге сыймыктанам? Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Арсен Эралиев, дагы-дагы толуп аткан кыргыздын намысына жараган мыкты спортчулар өз убагында ийгилиги таш жарып, ай ааламды сапырып, анан убакыттын өтүшү менен кыргыз спортунан «тебилип» кала берди. Канчалаган тер акты, канчалаган ден соолуктарын жоготушту? Эми жумушсуз калышты. Мына ушулар менен сыймыктанам. Биздин жетекчилер жумушсуз калган мыкты спортчулар менен сыймыктанабы? Эгер мен жетекчи болуп келе турган болсом, ушулар жөнүндө биринчи ирет ойлонмокмун» деген ачуу сөзү менен аяктады. Соңунда КР спортуна кошкон салымы үчүн Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия спорт агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова «КР Дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы менен сыйлады. Ал эми Канаттын ордуна убактылуу Азат Эркимбаев иштеп турмакчы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: