Баткен облусунун Кадамжай районунда 4 эркек киши 27 жаштагы жигитти уурдап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Маалыматтар боюнча, милициянын бөлүмүнө Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну кайрылып, 27 жаштагы уулун 2-мартта белгисиз адамдар көчөгө чакырып, унаага күч менен салып белгисиз тарапка кетишкенин айткан.
Аталган факт боюнча КРнын Жазык кодексинин “адам уурдоо” беренеси ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Оштогу Жапалак айылынын 21 жаштагы тургуну Р.Т., Өзгөн районунун 22-жаштагы тургуну А.Э. жана Ош шаарынын жашоочусу 32 жаштагы Т.Р. кармалган. Ал мурда Россияда тоноо боюнча соттолгон.
Алардын бардыгы убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ