2017-жылдын 30-ноябрында саат 10:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылындагы турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалмдайт.
Өрттүн натыйжасында 3 бөлмөлү бүтө элек турак үйдүн чатыры жана бөлмөлөрдүн ичинде жыйылган 150 даана пресстелген чөп толугу менен күйүп кеткен.
Маалыматка ылайык, учурда өрттүн себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ