Menu

Ашхабадда ашкереленген “Starbucks Coffee” жабылды

Бөлүшүү:

Ашхабадда дүйнөгө белгилүү “Starbucks Coffee” брендинин аталышын алып жүргөн кафе жабылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда анын ордунда мурдагы эле тамак-аштарды сунуштаган, бирок «Starbucks» белгиси жок «Стадион» деген аталыштагы кафе иштеп жатат.

Азырынча үч ай мурда ачылган бул коомдук тамактануу жайдын жабылышы боюнча расмий билдирүү боло элек.

Жакында эле маалымат каражаттарынын биринде Ашхабаддагы «Starbucks Coffee» деген аталыштагы кафенин дүйнөгө белгилүү соода маркасына эч кандай тиешеси жоктугу тууралуу билдирүү пайда болгон. Анда “Starbucks” компаниясынын коомдук байланыштар боюнча жетекчиси Хайме Райлей (Jaime Riley) алардын Түркмөнстанда соода жайы жок экендигин айткан. Макалада ошондой эле компаниянын дүйнөнүн 70 өлкөсүндөгү 24 000 тамактануу жайынан турган картасында Ашхабаддагы кафе көрсөтүлбөгөнү белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: