Menu

Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Саясий куугунтук менен коррупция боюнча соттолгон адамдардын жакындары жабыркабашы керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда. Анда депутат Алтынбек Сулайманов саясий куугунтук менен коррупция боюнча соттолгон адамдардын жакындары жабыркабашы керектигин айтты.

“Коррупция менен күрөшүү болуш керек. Коррупция ишине катышкандар өз жазасын алганы туура. Бирок жакындары дагы жаза алганы бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ал эми саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо анын жакыны дагы жабыркап калышы мүмкүн. Эмне үчүн бул мыйзам долбоорунда депутаттыкка баргандар эле каралып жатат? Келечекте боло турган президент, мамлекеттик кызматкерлердин баардыгын өзүнчө бир мыйзам кылып киргизиш керек деп ойлойм”,- деди Сулайманов.

“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга буга чейин айтып кеткендей шайлоо комиссиясына жүктөө маселесин бул жерге киргизип жатам. Андан сырткары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө дагы жазгам. Бирок өзүңүздөр билесиздер ал жака жетише албай жатабыз. Убакыт болбой жатат. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамына депутаттардын добушуна коюп киргизип алсак. Коррупция менен соттолгондор, чет мамлекетте банктык эсеби барлар, ошондой эле жакын туугандары бүгүнкү күнү шайлоого келбейт эле. Боло турган шайлоону акча менен элди алдап, эгерде өтпөй калса элдерди митингге чыгаргандар баардыгы эле коррупционерлер болуп жатат. Бул жерде таза бизнес кылгандар, таза айлык алгандар эч качан ызы-чуу салган жок. Көптөгөн биздин жарандарыбыздын акчасын жегендер элдерге акча таркатып, боло турган шайлоону туура эмес жака бургандар болуп жатат. Ошондуктан депутаттар добуш аркылуу эртең палатада добушка коюп берсеңиздер. Буга чейин коррупция менен күрөшөбүз деп айтып келебиз. Сөз менен эле айтып койбой, элдин ишенимин аткарсак жакшы болот эле”,- деп айтты бул мыйзам долбоорун демилгечиси Тазабек Икрамов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: