Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү Мамлекеттик тарых музейинен жана М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен жоголгон экспонаттар тууралуу маалымат алды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, Мамлекеттик тарых музейинен 503 экспонат жоголсо, М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен 104 экспонат дайынсыз. Мамлекеттик тарых музейинин Анаркүл Исираилованын айтымында жоголгон эскпонаттар тууралуу маалымат 2012-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациялоо учурунда аныкталып, мурда түзүлгөн актылардын баары ачыкка чыккан. Жоголгон буюмдардын арасында сак дооруна тиелешүү канжарлар, жебелер жана башка бир катар тарыхый учурларды камтыган экспонаттар бар.
Фракция мүчөлөрү аталган жагдай кыргыз тарыхына жасалган кылмыш экенин белгилеп, Өкмөт өзгөчө көңүл буруусу керектигин белгилешти. Алсак, фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Ата-Мекен” фракциясы маселени өз көзөмөлүнө аларын кошумчалап, иликтөө ишин Башкы прокуратура колго алышы зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле, ал бул тууралуу Башкы прокурордун жылдык отчету учурунда да көтөрүлөрүн эскертти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ