Menu

Рустам Маманов таштанды алюминий менен жездин баарын Кытайга ташып, “кличкага” ээ болгон

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы заманбап бизнесбайдын бири, албетте бул – Рустам Маманов. Бизнесбайлар эч убакта биринчи миллионун кантип, кайдан «сууруп» чыкканын айтышпайт экен. Сыягы, салты ушундай го. Ал эми Рустамбайга келе турган болчу болсок, анын каймана ысымы «Алюминий королу». Эмнеге дебейсиңерби, себеби, ал эСеСеР жаңы тарап, карапайым эл кантип байыштын эмес, кантип курсак тойгузуштун айласын издеп жүргөндө Маманов мырза алюминий менен жездин баарын Кытайга ташып бизнес баштаган. Бул «кличкага» ошондо ээ болгон.

Иши кылып, ошол Маманов кезинде бирдиктүү мектеп формасы боюнча конкурс-сынак жарыялап аны ишке ашырып, «ышколдогу» уул-кыздарды бирөңчөй кылам деп бир топ далалаттанды. Бирок, биздин кыргыздар бирөңчөй болуудан баш тартышты. Каалагандай кийинип, каалагандай ичинем деди. Ата-бабам ошондой болгон деген далил келтирди. Маманов болсо, «мамма-мия!» деген бойдон ал ишти улантпай отуруп калды.

Андан кийин кыргыздын улуттук бийи боюнча сынак уюштура коюп, байгесине 1 000 000 (бир миллион) сом сайды. Өткөздү. Жылда өткөзүп турам деди. Анан жыл айланбай унутуп калды. Биз ойлогонбуз, жыл сайын өткөрүп турат болуш керек деп. Себеби, бий өнөрүнүн түбү жок да. Улам «гырадус көтөрүлгөн» сайын, улам жаңыча бий чыга берет дегендей. К сажалена, Рус-Аке «көтөрүлалбай» койду. Бекер кылды. А эгер уланта бергенде, биздин бийчилер аргымак минип, индиялыктарга уй мингизмек болчу. Ушундай «шансты» кое берди, кайран бала…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: