Menu

Жети-Ѳгүз районунун Чырак айылында окуучулар үчүн «Тилдин балээси ушак» аттуу иш чара уюштурулду

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Жети-Ѳгүз районунун Чырак айылында айыл имамы Аскарбек Жумаевдин демилгеси менен «Талып Акун» атындагы орто мектебинде «Тилдин балээси ушак» аталышында атайын ачык сабак уюштурулуп, ага мектептин жалпы окутуучулары, райондун баш имам  хатиби Каныбек ажы Кожогулов, мектеп директору Жыргалбек Үмөталиев, «Адеп-Башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Аскарбек Акимбай уулу, Оморов Марсбек, айыл имамынын орун басары Кубан Джакебаев катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Окуучуларга уюштурулган иш чара алкагында жалпы катышуучулар ушак сүйлөөдөн алыс болуп, коомдогу ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөштү. Муну менен катар мектеп жаштарына китеп окуу боюнча конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектер тапшырылды.

«Бул иш чаранын максаты ушак айтуу жакшы эместигин, динибизде ушак айтуу жат көрүнүш экендигин жеткирүү жана балдарыбыздын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу»,-деди уюштуруу тобу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: