Бишкек шаардык кеңешиндеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкты. Мындай кескин билдирүүнү КСДПнын шаардык кеңештеги фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев маалым кылган. Ал көпчүлүк коалиция алда канча конструктивдүү жана иштиктүү болушу керек экенин айтып, анын курамынан чыкканын белгилеген. Муну менен алар жаңы курала турган коалициянын форматын өзгөртүүнү көздөп жатышат. Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Республика – Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кңргызстан” фракциялары калган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ