Ушул жылдын 1-декабрында, Ош облустук сотунун судьясы Калыгул Салиев Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, студенттерге адам укуктары, сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Фемида өкүлү студенттерге түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуш үчүн атайын видеофильм көрсөтүп, жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын ийгиликтерине токтолду.
Өз кезегинде жаштар кызыктырган суроолорун беришип, кеңири дискуссия жарата алышты.
Бул иш чара өсүп келе жаткан муундардын, болочок мугалимдердин укуктук аң сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатууга , ошондой эле сот бийлиги жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ