Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Нива» үлгүсүндөгү унаа жол жээгинде турган мектеп окуучуларын сүзүп кетти. Жыйынтыгында 9-класстын бир окуучусу каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 3-декабрда Кара-Чолок айылында болгон.
Маалыматка караганда, унаанын айдоочусу белгисиз себептерден улам рулду жол жээгинде турган беш классташты көздөй буруп жиберип, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда аны издөө иштери уланууда.
Кырсыктан 14 жаштагы окуучу дароо каза болуп, дагы бирөөсү буту сынып ооруканага жеткирилди. Калган балдар четке качууга үлгүрүп калышкан.
Ошол эле күнү айылдан алыс эмес жерде буга окшогон дагы бир кырсык болгон. Daewoo Tiko автоунаасы жол жээгинде бараткан жөө адамды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, экспертиза анын мас абалында болгонун ырастады
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ