Menu

Саясаттын шайтан оюндарын мыкты билген Ниязов көшөгө артында хансарай оюндарын башкара бермекчи…

Бөлүшүү:

Азыр элдин баардыгы “жаңы президент С.Жээнбековдун кадамдары кандай болот, алачкы ишин эмнеден баштайт”- деп жарданып турган кербези. Өткөн жумада Россияга барып, президент В.Путин жана премьер-министр Д.Медведев менен жолуккандыгы, андан соң Минскиде өткөн ЖККУ- нун жыйынына катышкандыгы бир топ жемиштүү болду. Ал эми коомчулуктун бүйүрүн кызыткан кадр маселесинде да жаңы кенешчилери менен жардамчыларын дайындашы колдоого алынууда. Бирок экс-президенттин кенешчиси, ал эле эмес, тээ легендага айланып бараткан А.Акаев доорунан бери Ак үй короосунан чыкпай келаткан Ф.Ниязовдун кайрадан кенешчи болуп дайындалышы күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду. Көпчүлүк жарандар А.Атамбаевдин тушундагы тескери иштердин көмүскө автору катары аталып жүргөн, “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” бул алмаштырылгыс кадрдын жаңы резидентке да кенешчи болуп калышын экс-президенттин “курсунун” түптүз улантылышы катары кабыл алышууда. Эгер Ф. Ниязовдун 15-декабрдагы шайлоодо С.Жээнбековдун штабын жетектегендигин эске алсак, президент аны акыл- кошчу кылып алууга аргасыз болгондугун түшүнөбүз. Себеби бир ооз кыргызча билбеген менен кыргыз саясатынын шайтан оюндарын мыкты өздөштүргөн бул адам мындан ары да көшөгө артында хансарай оюндарын башкара бермекчи…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: