Menu

Кыргызстандыктар Германияда курман болгон кыргыз жигиттин сөөгүн алып келүү үчүн бир суткада акча чогултуп беришти

Бөлүшүү:

Жигиттин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн 3 миң евро зарыл болгон. Баланын достору соцтармактарга жардам сурап кайрылышканда, мекендештерибиз керек акча каражатын чогултууга үлгүрүштү.

Достору соцтармактарга минтип жазышкан:

“Достор, досубуздан айрылдык. Жаш, келишкен, келечектен көптү үмүттөндүргөн жигит эле, өз күчү менен Германияга кеткен, көп жетишкендиктерге жетип, апасы сыймыктына тургандай болом дечү. Бирок тилеги ишке ашпады, кырсык болуп, досубуз каза болду. 10 жашында атасынан айрылган, апасы, карындашы, кичинекей иниси бар эле. Эми Чыңгыздын апасына бардыгыбыз чогулуп жардам берели деп жатабыз. Сөөгүн алып келүү үчүн 3 миң евро керек экен. Туугандарында мындай каражат жок, апасы жардам сурап жатат. 10 жыл мурун жолдошун жоготко аялзаты эми уулунан ажырап олтурат. Кайгырганын айтпагыла, мүңкүрөп кетти. Келгиле, уулун акыркы ирет көрүп, аркы дүйнөгө узатканга көмөк көрсөтөлү. Бардыгыңыздардан суранабыз. Кимдин колунан канча келсе да, жардам бериңиздер. Азыр ар бир тыйын баалуу болуп турат. Элсом: 0558 358853”.

Эми жакын арада баланын сөөгү алынып келинет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: