Menu

Депутат А.Мамашева: “Балдарга жасалган зомбулуктарга карата Өкмөттүн алпарып жаткан иш-аракеттери боюнча маалыматын угуубуз керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында балдардын укуктары корголбой жаткандыгы көтөрүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Карамат Орозова бүгүнкү күндө ур-токмокко, кулчулукка, зордук-зомбулук, сексуалдык кыйноолорго кабылган балдардын саны токтобой жатканын белгилеп, бийлик өкүлдөрү балдардын укуктарын коргоодо алсыз болуп жаткандыгын баса белгиледи. Эл өкүлү балдардын укуктарын мыйзам чегинде коргоого көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтып, ар кандай коомдук, парламенттик угууларды өткөрүүнү сунуш кылды.

Мындай көйгөйдү учугун улаган депутат Махабат Мавлянова жакында эл өз баласын өзөөртө тепкен мамлекеттик кызматкердин жумушунан кол жууп калганы ага карата көрүлгөн чара катары жетишсиз болгондугун билдирди.

Балдарга жасалган зомбулук токтобой эле кайрадан күчөп жатат. Бул тууралуу айткан депутат Айсулуу Мамашева жасалган зомбулуктарды тизмектеп: “Коомчулукта баланы аео сезими жоголуп бара жатат”,- дейт. Ал балдарга жасалган зомбулуктар боюнча иши сот иштерин жумшарткан судьяларды кызматынан алуу керектигин белгиледи. Ошону менен катар эле ал аткаруу бийлигинен мындай кылмыш менен иши сотко өтүп жаза алгандар боюнча маалымат талап кылып, Жогорку Кеңеш балдарга жасалган зомбулуктарга карата Өкмөттүн алпарып жаткан иш-аракеттери боюнча отчетун угууну сунуш кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: