Menu

“Адеп – адамдын көркү” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бөлүшүү:

 Ыйман, адеп жана маданият жылына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата КР Жогорку Кеңешинин демилгеси менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана КР Билим берүү жана илим министрлиги бирге жарыялаган “Адеп – адамдын көркү” темасында бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн эссе жазуу сынагы жыйынтыкталды.

Сынак сентябрь айында жарыяланып, 1-туру 2017-жылдын 28-сентябрында жалпы билим берүүчү орто мектептерде жүргүзүлүп, саат 10.00дө республиканын бардык орто билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчү классынын окуучулары эссе жазышкан.

15-октябрга чейин сынакка келип түшкөн эсселер 6 кишиден турган калыстар тобуна (купуя ысым менен) тапшырылып берилген. Калыстар тобунун дыкат кароосунун натыйжасында 438 эссенин арасынан 30 окуучунун эмгеги мыкты деп табылып, республиканын бардык аймактарынан келген окуучулар 2017-жылдын 6-декабрында “Мен үлгү туткан инсан” темасында эссе жазып, жыйынтыгы менен орундар аныкталды. Эсселерди текшерүү өзгөчө тартипте купуя жүргүзүлдү. Баалоо теманы ачып берүү; кызыктуу жана таасирдүү идеялардын болушу (окурманга таасири); ойдун так жана нуска айтылышы; ой жүгүртүүдөгү чынчылдык, тилдин нукуралуулугу; ойдун жеткиликтүүлүгү жана орфографиялык каталарга жол бербөө сыяктуу критеррийлерге негизделди.

Сыйлык тапшыруу аземи алдын ала белгиленгендей КР Жогорку Кеңешинин имаратында өткөрүлүп, ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, “Ыйман” фондунун төрагасы Н.Кадырбеков куттуктады.

Улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев келечек ээлерине мындан аркы дагы ийгиликтерди каалоо менен бирге, сынакты колдоого алган Жогорку Кеңешке, уюштурууга көмөктөшкөн Билим берүү жана илим министрлигине, ар бир эмгекти талдап чыккан калыстар тобуна ыраазычылык билдирди.

Өзүнүн сабаттуулугу, сөз байлыгынын молдугу, билиминин тереңдиги, ой чабытынын кенендиги менен алдыга озуп чыккан окуучуларга акчалай сыйлык жана Улуттук комиссиянын дипломдору ыйгарылды.

Аты-жөнү Мектеби Ээлеген орду
8 Тилебалдыева Айдай Чоң-Алай району, Алайчы уулу Саит орто мектеби Баш байге
69 Бусурманкулова Земфира Балыкчы шаары, №4 гимназия 1-орун
143 Маликова Акинай Талас облусу, Кара-Буура району, Анарбай Умарбеков орто мектеби 1-орун
166 Мэлисова Жибек Кара-Буура району, Кара-Сай айылы, М.Чалданбаев атындагы орто мектеби 1-орун
70 Калчаева Айжамал Балыкчы шаары, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектеби 2-орун
190 Мамбеткалый кызы Нурпери Нарын облусу, Ак-Талаа району, Жерге-Тал айылы, Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби, 2-орун
311 Абдусалам кызы Акылай Баткен облустук гимназия-жатак мектеби 2-орун
20 Темирбекова Алия Ысык-Көл облусу, Тоң району, Сагынтай атындагы орто мектеби 3-орун
56 Алижан кызы Аймира Жалал-Абад облусу, Аксы району, №28 Масалбай Шатманов атындагы Өлөң-Булак мектеби 3-орун
304 Маширап кызы Айсалкын Ош шаары, Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясы 3-орун
37 Жумабекова Билим Талас облусу,Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Т.Бабанов лицей-интернаты Кызыктыруучу сыйлык
40 Шайгазымова Айгерим Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, “Манас” орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
119 Джуманазарова Гүлкан Базар-Коргон району, Жалал Асанов атындагы №9 орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
160 Эсенбек кызы Кызжибек Аксы району, Алишер Молдокеев атындагы №3 орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
163 Илимбек уулу Атай Кара-Буура району, Ак-Чий айылы, Р.М.Осмонов атындагы орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
191 Темирбекова Айдай Нарын облусу, Нарын району, Учкун айылы, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
254 Закирова Батма Ош шаары, №33 С.Алымкулов орто мектеби Кызыктыруучу сыйлык
259 Нуралиева Айдана Ош шаары, №20 мектеп Кызыктыруучу сыйлык
262 Базарбаева Мадина Ош шаары, №9 А.А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясы Кызыктыруучу сыйлык
279 Ысмаилова Айданек Ош шаары, №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясы Кызыктыруучу сыйлык
280 Жээнбекова Нуриза Ош шаары, №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясы Кызыктыруучу сыйлык
438 Бакытбек уулу Улукбек Бишкек шаары, №71 мектеп-интернаты Кызыктыруучу сыйлык

 

Сынак комиссиясынын курамы Улуттук комиссиянын буйругу менен бекип, төмөндөгүдөй түзүлгөн:

Сынак комиссиясынын төрагасы

Кадырбеков Нуржигит – “Ыйман” фондунун төрагасы

Сынак комиссиясынын мүчөлөрү:

Абидетегин Жаныбек – Баластан интерактивдүү журналынын редактору;

Абылкасымова Тамара – Окуу-маалымат борборунун методисти;

Ажыканова Элмира – Кыргыз радиосунун журналисти;

Ибраимова Гүлнара – КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы;

Турдубаева Бактыгүл – Бишкек шаарынын №6 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: