Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган өкмөттүк күн өттү. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, ушу тапта мамлекеттик мүлктү башкаруу усулун жакшыртуу максатында, бир катар алгылыктуу чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттин карамагында «Альфа Телеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Кыргызнефтегаз», «Айыл банк», «РСК банк» сындуу ири компаниялар бар.
«Мамлекет 59 акционердик коомдун мүчөсү болуп саналат. 2017-жылдын 30-ноябрына карата алардан 2 млрд 176 млн сом көлөмүндө дивиденд түшкөн. Ал эми жыл аягына чейин бюджетке 3 млрд 300 млн сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү болжолдонууда», – дейт вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.
Андан тышкары, мамлекеттин карамагындагы ишканалардын ишин жандандыруу, алардын санын оптималдаштыруу чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду. Жыйынтыгында 43 ишкана кайра түзүлдү, 90 ишкана мамлекеттик мекемеге айландырылды, 10 ишкана жоюлду. Жалпысынан алганда, ушул жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттик ишканалардан 124 млн сом өлчөмүндө каражат түшкөн.
Өкмөт мүчөлөрү каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ