Menu

Атамбаев жазга камылгасын көрө баштадыбы?

Бөлүшүү:

Кызматын тапшырып берип, Гоа аралында эс алып келген экс-президент Атамбаев кайрадан саясатка киришкени туру. 15-декабрда КСДПнын съезди өтүп, партия мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди кайрадан партия лидерлигине шайлаганы турушканын өздөрү айтып жүрүшөт. Атамбаев партия лидерлигине келген соң шайлоого бара турган тизмени даярдоодон ишти баштайт экен. Съезд учурунда КСДПнын мүчөлөрү азыркы парламент эл ишенимин актай албаганын, элге жаман атты болуп бүткөнү тууралуу маселе көтөрүп, парламентти таратуу чечимине токтоло турганы кеп болууда. Парламенттеги КСДП фракциясы жаңы жылдан кайтып келген соң, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатышы керек деген маселени парламентте көтөрүшүп, өздөрү биринчилерден болуп мандатын тапшырышат дейт. Атамбаевдин тизмесине азыр КСДПнын атынан келген депутаттардын 90 пайызына жакыны кирбей турганы, жада калса фракция лидери Иса Өмүркулов, бийлик үчүн көкүрөк тоскон Рыскелди Момбеков баштаган активдүүлөр да илешпей турганы кызык болууда. Көкүрөгүндө эч нерсе жок, көөдөнү бош, бирок чөнтөгү калыңдар дагы көпчүлүктү түзбөйт дешүүдө. КСДП съезд өткөрүүгө камынып, Атамбаевди жол башчы кылганга ашыгып жатса, “Мекеним Кыргызстан” деген КСДПнын “туунду” партиясы штабдагы иштерин жандантып, идиректүү улан-кыздарды жумушка чакыруу менен алек. Алар да жазга камылганы катуу көрүп баштады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: