Кечээ күнү өлкөбүздү жагымдуу кабар аралап, Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди. Жакшы саамалык менен жалпы элибизди куттуктайбыз! Эске салсак, кыргыздын кан-жанынан оюнду казактар талашып, өздөрүнүн атынан каттатууга аракеттенип келген. Кийин эки тараптын бириккени боюнча сөздөр да тараган. Бирок аягында жеке өзүбүздөн катталыптыр, бул чоң жеңиш десек болот. Иштин ийгиликтүү аякташына федерациянын президенти Икрам Илмияновдун салымы чоң болгонун айта кеткенибиз оң. Көралбастар ичин тыткан сайын кадырыңыз арта берсин!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ