Милийса тармагында сырдуу өлүмдөр көп болуп жатат негедир. Улан Исраиловдун жолу катуу окшойт. Кан чыгарып түлөө өткөрүп койбосо болбойт. Аталган кызматта шалаакылыкка жол берилип жатат. Буга чейин Нарында бир кызматкерди жанындагы шериги атып өлтүрүп алды эле, кечээ жакында Кой-Ташта курал-жарак сактоочу кампада күзөттө турган Эрлан Сөлпиев аттуу кызматкер Калашников автоматы менен өзүн-өзү атып өлтүргөн имиш. Маркум Эрландын бир туугандары, “өзүн-өзү атып өлтүрдү” дегенге ишенишпейт. Эрландын үйлөнүп турмуш курганына бир гана айдын жүзү болгон экен, өзүнө кол салууга эч себеп болгон эмес экен. Мындан мурдараак дагы бир опер кызматкер көчөдөн бычакталып өлтүрүлгөн. Анын өлүмү да сырдуу болуп калды. Аны өлтүрдү деп кармап келишкен фактыга коомчулук ишенген жок. Мына, кыргыз милициясындагы абал ушундай болуп жатат. Генерал- майорду үч жылдын ичинде алып алган Исраиловдун бети кызарып да койгон жок. Жок дегенде түлөө өткөрүп койсо жакшы болот эле.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ