Menu

Тажикстанда «Сатурн-Онлайн» байланыш компаниясынын мүлкү аукционго коюлат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Салык комитети “Сатурн-Онлайн” байланыш операторунун имаратын жана мүлкүн сатыкка коет.

“Сатурн-Онлайн” компаниясынын 2 миллион 400 миң сомониге (250 миң доллар) бааланган мүлкү салык төлөбөгөнү үчүн камакка алынган. Компания карызынын жарымын төлөгөн. “Сатурн-Онлайн” компаниясынын бересеси учурда 1 миллион 700 миң сомонини түзөт.

“Сатурн-Онлайн” компаниясы 2004-жылы негизделген. Ал телекоммуникациялык тармакта кызмат көрсөтүп келген.

Бир жыл мурун “Кыргызтелеком” компаниясы тажикстандык эки оператор – “Телеком Технолоджи” жана “Сатурн-Онлайн” Интернет үчүн 1 миллион 349 миң доллар карыз болуп калганын маалымдаган. Эл аралык калыстар соту компанияларга карызды жабууну милдеттендирген, бирок “Сатурн-Онлайн” чечимди аткара элек.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: