Бүгүн Бишкек инвестициялык форумунда компаниялар көргөзмөсү болууда. Анын ачылышында өкмөт башчы М.Абылгазиев жогорудагы сандарды келтирди. Ал ар бир өлкө инвестициясыз эффективдүү болбостугун, ошондуктан өкмөт инвестиция тартууну приоритет кылып жатканын, жеке менчикти коргоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуну белгилеп өттү.
“Болгон аракетибизди көрүп жатабыз, алгачкы жыйынтыктар да бар. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чет элдик түз инвестиция 40%га жогорулады. 2019-жылдын алты айында 60%га жогорулап олтурат. Тышкы соода балансыбыздын дефицити 450 млн долларга кыскарды. Бул жакшы жышаан” деди өкмөт башчы.
Чындап эле жакшы жыйынтык дечи. Бирок биздин өкмөттөр жалаң сандарды сайратып коюп эле, элди чындап эмес, ушундай жел козулар менен “жыргатып” келатканы келаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ