Тажикстан президентинин уулу, Душанбенин мэри Рустами Эмомали калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 11 айдагы жыйынтыктары боюнча шаардык кеңешке отчет берүүдө. Ага көз карандысыз ММКлар чакырылган жок.
Шаар администрациясынан кабарлашкандай, депутаттар Душанбе шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктарын талкуулап, келечектеги пландар менен 2018-жылдын бюджетинин долбоорун карашат.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон быйыл 12-январда тун уулу Рустами Эмомалини Душанбенин мэри кылып дайындаган. Ал буга чейин өлкөнүн антикоррупциялык агенттигин, бажы кызматын жетектеп келген.
Рустами Эмомали – тажик лидеринин тогуз уулунун бири, Тажик улуттук университетинин бүтүрүүчүсү.
Рустами Эмомали шаар жетекчилигине дайындалган соң, Душанбенин башкы планын ишке ашырууну тездетти. Быйыл Маяковский атындагы театр, Душанбе мэриясы менен Айыл чарба министрлигинин имараты, Жами атындагы кинотеатр, Рудаки проспектисиндеги үйлөр, «Шохмансур» базары бузулду. Алардын ордуна заманбап жаңы имараттар курулат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ