Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, депутат Шарапов Закир Эшматович («Республика – Ата-Журт» фракциясы) Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Закир Шарапов жакында дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Улан Чолпонбаевдин ордуна «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ