Жогорку Кеӊеште ушул жылдын убактылуу бош турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына «Өнүгүү – Прогресс», «Ата Мекен», «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциялардан көрсөтүлдү. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Ошентип, вице-спикерликке «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакировдун, «Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Нышановдун, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында 61 добуш менен депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Мирлан Бакировду Төраганын шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, 6-декабрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Алтынай Өмүрбекова («Республика – Ата-Журт» фракциясы) өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын токтоторун жарыя кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ