Menu

Бүгүн Стамбулда Ислам кызматташтыгына кирген 48 өлкө Чыгыш Кудусту (Иерусалим) Палестинанын борбору деп тааныды

Бөлүшүү:

Ислам Кызматташтык Уюму бүгүн, 13-декабрда Кудус маселеси боюнча Стамбулда топтолду. 57 өлкө мүчө болгон жыйынга 48 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Алардын ичинен 16 өлкөнүн мамлекет башчылары бар.

Афганистан, Азербайжан, Бруней, Индонезия,Палестина, Гвинея, Иран, Катар, Кувейт, Коморлор, Ливан, Судан, Иордания жана Йемен өлкөлөрүнүн президенттери, королдору, Ливия кеңешинин президенти, Джибути, Казакстан парламент башчылары, Пакистан жана Малайзия премьер-министрлери, Өзбекстан сенат төрагасы, ошондой эле Орусиянын атайын өкүлү да бар.

Кызыгы, Венесуэла президенти Николас Мадуро жана Түндүк Кипр өлкөсү президенти Мустафа Акынжы да байкоочу өлкө катары катышууда.

Чыгыш Кудус Палестинанын борбору болуп жарыяланды! Бул чечимди 48 мусулман өлкөсү кабыл алды! “Борбор шаары Чыгыш Кудус болгон – Палестина мамлекетин тааныгандыгыбызды жар салабыз” деди декларацияда.

Мындан ары дүйнө бештен чоң! Ошондой эле, Америка дүйнөдө жалгыз күч эмес!

Айрыкча, демилгени мусулмандар гана эмес Венесуэла президенти да колдогон…

Гиза Маматкулова, Эржиес университетинин коммуникация илимдери боюнча докторанты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: