«Алтын мангуст» орденине биздин балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова менен жалпы күрөш федерациясынын вице-президенти, ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу сыйланды. Мындай эл аралык сыйлыкка спортко эч бир күчүн аябаган атлеттер, меценаттар, мыкты балбандар ээ болушат. Эске сала кетсек, Айсулуу быйылкы 2017-жылы белдүү делген 7 мелдешке катышып, анын үчөөнөн алтын, дагы үчөөнөн күмүш жана бир коло медалды багынткан. А Дамир инибиз болсо парламентте кыргыз спортчуларынын таламын талашып, тиешелүү мыйзамдарды жогорку деңгээлде иштеп чыгуу менен бааланды. «Алтын мангуст» ордени биринчи жолу Украинанын Одесса шаарында 2009-жылы негизделген.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ