Чубак Ажы Жалилов деген неме экинчи аял алганын жарыя кылып чыккан. Анан милийсалар суракка алганда коркуп кетип, «ал менин аялым эмес, сүйүктүүм» – деп билдирди. Кааласа аялым, кааласа сүйүктүүм – деп токолунун укугун тебелеп жатпайбы. Эми анын токолунун укугун ким коргойт? Эгер ага да укук коргоо органдары барып жолукса ал да өз укугун коргоп чыкса керек. Балким Чубак Ажы биринчи аялын коркуткандай, токолун да коркутуп жашап жаткандыр. Укук коргоо органдары тез арада текшерип, токолдун ахыбалын билиш керек.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ