Нарын облустук милициясы тараткан маалыматка ылайык, 23 жаштагы Нарын шаарынын Рыскулов көчөсүнүн N80-үйүнүн тургуну Бегимай Тургунаалы кызы үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде апасы менен уруша кетип, таарынган бойдон Бишкекке иш издеп кетип калган.
Ошондон бери такыр дайынсыз болуп кеткен кызын издеп, апасы сентябрь айында Нарын милициясына арыз жазыптыр. Нарын милициясы тияк-бияктан издеп, акыры Бегимайды Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан тапкан..
Көрсө Бишкекке жумуш издеп келген Бегимай Бишкектен Жалал-Абаддык жигитти сүйүп калып, Таш-Көмүргө күйөөгө чыгып кетип, азыр үй-бүлөсү менен жыргап-куунап эле жашап жатыптыр.
Фотосу Турмуш сайтынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ