Бүгүн, 17-декабрда эсил кайран СССР учурунда “Казахфильм” киностудиясы тарабынан тартылып, бирок кыргыздар үчүн да сүймөнчүк болуп калган даңазалуу “Кыз Жибек” көркөм фильминин башкы каарманы Төлөгөндүн ролун аткарып атагы чыккан актер Куман Тастанбеков оо дүйнө салды. Бул тууралу Казакстандын бир нече маалымат агенттиктери билдирүү таратышты.
Мындан 40 жыл мурун “Кыз Жибек” фильминде жаш артисттер Куман Тастанбеков Төлөгөндүн, ал эми Меруерт Утекешева Жибектин ролун аткарышып, фильм тартылып бүткөндөн кийин чоң сүйүү менен баш кошушкан жана 40 жыл бирге өмүр сүрүшкөн.
Куман Тастанбеков 1945-жылы Казакстандын Талды-Коргон облусунда туулган. Өмүрүн театр менен киноискусствосуна арнап, Мухтар Ауезов атындагы казак драмалык театрында эмгектенген. “Казахфильм” киностудиясында ондогон көркөм фильмдерге тартылган. “Кыргызфильм” киностудиясынын кинорежиссеру Мелис Убукеевдин “Элеттик роман” (“Провинциальный роман”) көркөм тасмасында ойногон.
https://www.youtube.com/watch?v=Kx9gJ7Y1uFI
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ