Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун Мигранттын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу

Бөлүшүү:

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенген кыргызстандыктар!

Жыл сайын 18-декабрда дүйнө коомчулугу  БУУ Башкы Ассамблеясы жарыялаган Мигранттын эл аралык күнүн белгилейт.

Адам жакшы жашоо артынан түшүп, бүт дүйнө боюнча көчүп-конот, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы билимдерди, технологияларды издейт. Миграция, мисалы, биздин өлкөнүн да көп сандагы жарандарын камтыйт. Алардын басымдуу көпчүлүгү – таман акы, маңдай тери менен өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн жаңы, жетишкен турмушту курууга умтулган жаш адамдар.

Кажыбаган кайраттуу эмгегиңиздер жана чыдамкайлыгыңыздар үчүн мен сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Көпчүлүгүңүздөр Кыргызстандын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, мектептерди, спорт комплекстерин, башка социалдык жана инфраструктуралык объектилерди курууга жардам берип, медицина, билим берүү, көркөм өнөр жана башка чөйрөлөрдө топтогон билим жана тажрыйба менен бөлүшүп жатасыздар.

Кийинки жылдары чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктардын арасында Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан ар кандай долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар мекендештерибиздин саны өскөнү бизди кубандырат. Бул миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы бекем байланыштын, ошондой эле өз ара өнүгүүгө миграциянын тийгизген оң таасиринин айкын далили болуп калды. Мамлекет мындан ары ушул сыяктуу демилгелерди ар тараптан колдойт жана акчасын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жумшоону каалаган чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы чет элдик эмгек мигранттарыбызды, айрыкча Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүндө  эмгектенгендерди колдоо үчүн көп иштерди жасады. Биз Кыргызстанда мүмкүн болушунча көбүрөөк жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жана мекендештерибиз өз Мекенинде жашап жана эмгектениши үчүн бардыгын жасап жатабыз жана мындан ары да жасайбыз.

Ошону менен бирге, чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуп, эмгектенип жатышкан мигранттарга укуктук жактан колдоо көрсөтүүгө, биринчи кезекте коопсуз миграцияны камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурабыз.

2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү, жарандарыбыздын Мекенине кайтып келиши жана алардын чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кездеги кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү каралат.

Кымбаттуу мекендештер!

Биз заманбап жана көз карандасыз, күчтүү экономикасы бар жана калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек. Сиздерге, сиздердин  жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бейпилдик, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: